egizbaev

egizbaev

Мен, Эгизбаев Уланбек Токтосунович, 1990-жылы 12-февралда Кочкор районуна караштуу Көк-Жар айылында жарык дүйнөгө келгем. Үй-бүлөдө 5 бир туугандын кичүүсүмүн. 1997-2008-жылдар аралыгында "Көк-Жар" орто мектебинде билим алып, 2008-жылы артыкчылык аттестат менен аяктадым. Ушуль эле жылы Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Журналистика бөлүмүнө тапшыргам. 2010-2012-жылдары "Манас" студенттик-практикалык гезитинде кабарчы, башкы редактор болуп иштедим. 2011-жылдын ноябрь айынан бери "Жаңы Агым" гезитинде кабарчы болуп иштеп жатам. 2010-жылы Түркиянын Стамбул шаарында өткөн Жаш журналисттердин эл аралык конкурсунда Журналисттик иликтөө жанры боюнча 3-орунду, 2011-жылы ушул эле конкурста 2-орунду алгам.