Print Shortlink

Келечек колубузда

Кыргыз калкы кылымдардын кыйрында көөнөрбөй, канчалаган кылымдарды карытып келген. Көөнөрбөс комузун күүгө келтирип колго кармап, калпактарын калтырбай кийишип, кыргыз каадасын кадырлашкан. Коктудан-кокту которуп, кыр-кырларды кыдырып, көчүп-конуп күн кечиришкен…

Кыргыз калкы капыстан качырып кирген кастарга (калмактарга, кытайларга…) камбылдыгын көрсөтүшүп, катылгандын катыгын колуна карматышкан. Кээде кандуу көтөрүлүштөрдө кереге кыйрап, күлү көккө көтөрүлүп, кыз-келиндер кыйналып, кары-картаңдардын капталдагы кара кабыргасы кайышып, катындар кара кийинишип, кыйын кезеңдерди көп көрүштү.

Кезектеги кандуу коогалаңда (1916-жылдагы Улуу Үркүндө) кыргыздар карагайлуу калаалыктардын (Орус падышачылыгынын) куралдуу кордугунан кийин Кытайды көздөй качышкан. Кыйчалышта кыстаган калабада калайыктын көбүнүн көрөөр күнү куруп, кайра кайрылбай калышкан. Кырылгандан калганы кара курсактын камын көрүшүп, кытайлык көпкөн көпөстөргө кул, күң кызматын кылышып күн көрүшкөн.

Кудурети күчтүү Кудай карапайым кыргыздарга кайрымдуулук кылып, колдоо көрсөтүп, караламан калк кырылганына карабай кайрадан кыргыз конушуна кайтып келишкен. Конушуна кайтып келген кыргыздарды коркунучтуу кеселдер каптап кыйнаган. Кыскасы көз карандылыкты каалабаган каратман кыргыздар көтөрүлүш, коогалаңдардын, көзкамандардын кедерги-кесепеттерин көп көрүшкөн.

Кыргыз калкы көптөн-көп көшөрүп күткөн, кучагына көп кыйынчылыктарды камтыган көз карандысыздык кези келди (1991-жыл, 31-август). Кыргызстан көз карандысыз күнөстүү кагандыктардын катарына кошулду. Көз карандысыз Кыргызстандын кагандыгына Кеминдин “калың каш” кибернетигинин (Аскар Акаевдин) кандидатурасы көрсөтүлүп, калайык калктын көпчүлүгү кош колдоп кубатташкан.

Кеминдик каган кыргыз калкына кылдай кызмат кылдыбы, көп кызмат кылдыбы кыязы, көптүн көзү көрөгөч. Каганыбыздын көзгө көрүнгөн “кылыктарына” кайрыла кетсем. Кеминдик каган кызматына катуу киришкендей көрүнгөнүнө карабастан кыйраткан кызматы көзгө көрүнбөдү. Калайык кендирди кескен кедейчиликке кептелип, “кыйратчу” каган көчүгүнөн кетти. Кибернетик “Кууш-Үзөңгүнү” (Үзөңгү-Куушту) кытайлыктарга кудалады. Коңшу кагандыктарга карызыбыз күндөн-күнгө көбөйүп, кредиттин (чет өлкөдөн келген насыялардын, гранттардын) келгенине кубанган кагандыктын карызды кайтараттан кабарсыз калган.

Кыргызстандын казынасынын көпчүлүгүн камсыз кылган кыргыздын кемибеген кени Кумтөрдү Канаданын “Камеко” компаниясынын колуна карматып, кенибиз кемигенден кемип, Кумтөрдүн көркү кетип, куту качты. Кымыңдаган канадалыктар кыргыздарды кирешеден куру калтырды. Кеминдик каган конституцияны каалагандай калчап, “канституция” кылып кайра-кайра кабылдады.

Көрсө, кытмыр күлгөн Кеминдин кыраанбайы канайымдын (Майрам Акаеванын) кебине кирип, Кыргызстандын каржы каражаттарын коколой кызыкчылыкты көздөп коротуптур. Кийинки күндөрү коомубузда карама-каршылыктар көбөйүп, калайыктын кыжыры кайнады. Кыраакы кыргыздар кансыз көтөрүлүш кылышып (2005-жыл, 24-март), кабинетиндеги килем капталган калың креслодон кулатып, карагайлуу калааны (Москваны) көздөй кубалашты. Каганыбыз Кыргызстандын калкын кароосуз калтырып, кадыресе качкын катары качып кетти.

Көтөрүлүшчүл кыргыздар Кыргызстандын кийинки кагандыгына “кудуңдаган” Курмашты (Курманбек Бакиевди) коюшту. Каалоого каршы “Кулов+Курманбек” командасынын көмөкчүсү (Феликс Кулов) кызматсыз куру калды. Кудуңдаган Курманбек кызматка келгенден кийин качып кеткен кагандын кызматын кайталабоону көздөп катуу киришкендей көрүнгөн. Каалоого каршы кийинки каган кызматка келгенден кийин Кыргызстанда криминалдар, “каралар” көбөйүп, күркүл кызматчылар, кыргыздын кыраандары кырсыкка кабылды. Калайык калк конституцияны кайра карап компромисстик конституцияны каалаган. Карама-каршысынча кагандын кызыкчылыктарын канааттандырган конституцияга каган кол койду.

Курсалиевич кедейчиликти кыскартаарын, коррупцияга каршы кашык каны калганча күрөшөөрүн, кеминдик кагандан керээз катары калган коңшулардагы карыздардан кутултаарын кулак кагыш кылгандай көрүнгөн. Кыязы калптын казаны кайнабай калды көрүнөт. Коомдо күндөн күнгө каганатка каршы кыжырдануу көбөйүп, каатчылык кырдаал каптаган. Кедейчилик, коррупция кайра күчүнө кирип, караламан калктын кабыргасын кайыштырды

Карапайым кыргыздар каржылык каатчылыктын кедергисин көп көрүп, кыйналып-кысталып күн кечиришти. Кыргыздын күлгүн курактагы кыздары, караламан кишилери кара курсактын камын көрүп, Казакстанды, карагайлуу калааны көздөй кара курттай каптады. Кыргыздын кыймылдаткыч күчү (жаштары) коңшу каганаттарга көчүп кетти. Кыштактарда кары-картаңдар кароосуз калды. Күнүбүздө кендирди кескен көйгөй кымбатчылык, калаада кыргызча кобурашкандар калбады, “киргизче” кобурашышат. Кыргызчаны колдонгондорго күлүшөт, келекелеп кемчонтой катары карашат.

Кийинки кагандын кезеңинде Камбар-Ата-1, Камбар-Ата-2ни курмандык кылышып, коңшуларыбыз кредиттерди килтейтип кызыктырып, Кыргызстанды көз каранды кылууга күчтөп киришти. Кыргыздын керемети Каркыраны коңшу казактарга кудалап, көз көрүнөө Каркыраны колдон качырдык.

Курманбектин кезеңи криминал коомуна коюн-колтукташ күндөрдү коштоду. Курсалиевичтин көкүрөк күчүгү (Максим Бакиев) Кыргызстанды кара кунаажындай көрүп, каалагандай кактап, Кыргызстандын казынасын Курмаштын капчыгындай көрүп кызуусу канганча калчады. Курмаштын кагандыктан кетишин кандуу коогалаңдар коштоп, кыргыздын кырктын кабатындагы кырчын курактагы кишилери кырсыкка кабылды (2010-жыл, 7-апрель). Канкорлор кагандыкка каршы көтөрүлгөн карапайым калкты көзүнө карабай кырды. Каарман кыргыздар канкорлордун көрсөткөн каршылыгына карабай, Курманбекти кандыктан кулатууну көкүрөктөн көксөштү. Кан күйгөн калабада канкорлордун командасына куралчан көзгө атарлар (жалданган снайперлер) көмөктөшүп, Курманбектин коопсуздугу Кыргызстандын коопсуздугунан күчтүүлүгүн көрсөтүп койду. Кийин Кыргызстандын күтшүт калаасында (Ош) Каримовдун калкы менен кыргыздардын кагылышуусу кан күйгөн калабага кириптер кылды. Канчалаган күнөөсүз карапайым кишилер кырылды? Кырсыктын күнөөкөрү Курсалиевич Кснимди көздөй качып, калган күнөөлүүлөр көздөн кайым кетишти. Кыскасы Курманжандын конушундагылардын көксөгөнү, күнөөкөрлөрдүн камалышы каганаттагылардын көз кырында калып, калктын кыжырын кайнатууда.

Кыргызстандын кезектеги кагандыгына капилеттен “кыз киши” (Роза Отунбаева) келди. Канайым Кыргызстандын качууга куштар кагандарына караганда кыйла кызмат көрсөттү көрүнөт канайымдын кеби кыска калктын кыйрына кетти.

Кыз киши Кыргызстандын кагандыгын КСДПчыга, Кудайды кошунасындай көргөн кишиге (Алмазбек Атамбаевге) кубалашпай, кудалашкандай кырдаалда калтырып кетти. Кезектеги каган көп кырдуу каатчылыктан карайлаган кыргыз калкын кантип колдоону көзүн көралбай көпкө кара кушун кашууда. Көзачыктык кылуунун керек көрбөйм. Кудайчыл каган кандай кызмат кылаарын келечек көрсөтөт. Кыргыз калкын каганга, каганды Кудайга койдум. Каган катынын кызматына кийлигиштирбесе, келечектен күдөр көп. Кыргыз калкынын КСДПчыга кабыргасынан койгон көйгөйлөрү кийинкилер.

Кырылганына карабай көбөйгөн кыргыздардын көз карандысыздыгы кайда кетти? Көөнөрбөгөн кыргыз тилинин, кылыгы кымбат кыздарынын кадыры кайда кетти? Ким, качан, кантип Кыргызстанды коңшу каганаттардын катарына кошот? Ким келсе кыргыздын кемибеген кендеринен Кумтөрдөн кирчү кирешелерди Кутуйдун кунундай кууп, криминалдарга, коррупцияга каршы кашык каны калганча күрөшөт. Кыргызстандын кагандыгына көсөм, кеменгер каган келсе кең келечектен калайыктын күдөрү көп..

Келгиле, кайдыгерликтен, кенебестиктен качып, келечегинен көптү күттүргөн күнөстүү Кыргызстанды кош колдоп, коколой кызыкчылыкты көздөбөй, консенсуска келели! Кыргызстандын келечеги кыргыздардан көз каранды. Келечек колубузда…

“Азаттык”

3 Responses

  1. Anonymous
  2. Nurgazy

    Улан Эгизбаев тилине жана колдоруна береке )))) Баракелде )))

  3. Мирсулжан

    Кандай керемет, Кебналу!

Leave a Reply